Банктын тарыхы

“БТА Банк” ЖАКтын тарыхы 1996-жылы “Эридан” акционердик-коммерциялык банкы уюшулгандан тарта башталат. “Эридан” АКБнын өз ишмердүүлүгүндө кардарларына банктык кызматтардын ири спектрин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын банк рыногунда өз ордун ийгиликтүү ээлеген.

2001-жылы “Эридан” АКБ аты “Инэксимбанк” жабык акционердик коому деген аталышка өзгөргөн. Ушул учурдан тарта банктын дүркүрөп өнүгүүсү башталат, анткени өзүн ишенимдүү, тез өнүгүп жаткан банк катары сунуштаган. Бул анын эл аралык финансылык институттардын ишенимине ээ болуусун бекемдеди жана Кыргызстандын жеке секторуна жигердүү инвестициялоого мүмкүнчүлүк түздү. “Инэксимбанк” ЖАК ЕРӨБ менен чакан жана микро ишканаларды кредиттөө системасын өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга (келишимге) кол койгон өлкөбүздөгү туңгуч банк болуп саналат. Банк бул Программаны өздөштүрүү боюнча лидер болуп чыккан, буга банкка Программаны өздөштүргөн жеңүүчү катары сыйлык тапшырылгандыгы күбө. Ошондой эле ушул финансылык институттун башкармасы тарабынан “Инэксимбанк” ЖАКты “Ишкердик тажрыйбадагы жогорку сапаты үчүн” алтын медалы менен сыйлоо чечими кабыл алынган.

Европанын белгилүү “Евромани” журналы тарабынан жүргүзүлгөн жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн “Жылдын мыкты банкы” конкурсунда 2007-жылы “Инэксимбанк” ЖАК Кыргызстандагы эң мыкты банк болуп табылган. Банктын башкы ийгиликтери катары банктын финансылык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү, жайылтуу стратегиясын аткаруу жана корпоративдүү башкаруунун жогорку деңгээли аталган. Мыкты банктар ар бир аймак боюнча өз-өзүнчө аныкталган. Номинанттардын арасында ири жана белгилүү банктар: «Сити-банк» (АКШ), «Дойче банк» (Германия), «Сосьете Женераль» (Франция), «Райффайзен банк» (Австрия) болгон. “Банк Туран-Алем” Орто Азиядагы эң мыкты банк деп табылган.

2007-жылдын декабрь айынын аягында “Инэксимбанк” ЖАКтын жалпы акционерлеринин чогулушунда “Инэксимбанк” БТА финансылык тобунун курамына киргендиктен, ”Инэксимбанк“ ЖАКтын атын “БТА Банк” ЖАКка алмаштыруу тууралуу стратегиялык чечим кабыл алынат. Талап кылынган юридикалык жол-жоболор жүргүзүлгөндөн кийин “БТА Банк” ЖАК “Инэксимбанк” ЖАКтын укук улантуучусу болуп калган.

2009-жылы ийгиликтүү иштегендиги жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн банктын Жалал-Абад шаарындагы филиалы Жала-Абад мэриясынын “Жылдын мыкты инвестору” деген ардактуу наамы менен сыйланган. Калкка банктык кызматтарды кеңири көрсөтүү максатында географиялык жайылтуу боюнча долбоорду андан ары ишке ашыруу – банктын стратегиялык өнүгүүсүнүн бөлүгү болуп саналат.

2010-жыл биздин банк жана банк секторубузга гана эмес, ошондой эле республиканын бардык экономикасынын бекемдигин сыноо жылы болду. 2010-жылдын апрелинен кийинки саясий өзгөрүүлөр коомго жашоодогу жакшы үмүттөргө ишеним алып келген болсо, июнь айындагы кайгылуу окуялар көптөгөн бизнес-түзүмдөрдү жана жөнөкөй жарандарды жашоонун катаал шарттарына алып келди. Сабырдуулуктун, ишенимдин жана өлкөдө бизнес жамааттары менен бирге Кыргыз Республикасынын бардык коомчулугунун мыкты жана татыктуу турмушту куруу ниеттеринин негизинде гана саясий жана экономикалык кризистерди туруктуулук менен жеңип чыгуу жолунда оптимисттик кадамдар жасалды. Алардын ичинде “БТА Банк” ЖАК да активдерин гана сактап калбастан, текшерилген стратегиялык тилкелерди так сактоо, т.а. банкка кардарлардын ишенимин колдоонун негизги артыкчылыгын коюу менен бардык оор тапшырмаларды жана өзүнүн кардарларынын алдында милдеттенмелерин аткара алды. Банк финансылык кызматтардын жана КРУБ тарабынан белгиленген ченемдеринин бардык талаптарын так жана кынтыксыз сактады.

2016-жылы “БТА Банк” ЖАК Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду менен чакан жана орто бизнести финансылоого кредиттик тилке сунуштоо жөнүндө макулдашууга, ошондой эле Мамлекеттик Ипотекалык компания менен кызматташуу жөнүндө Башкы макулдашууга биринчилерден болуп кол койгон.

“БТА Банк” ЖАК Улуттук банктан электрондук акчаларды чыгаруу жана баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна кошумча лицензияларды алды.

2018-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан алынган лицензия боюнча «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды «ислам терезеси» аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна» ээ болгон.

Банктын сыйлыктары жана жетишкендиктери

  • 2006-жылы – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Иш практикасындагы жогорку сапат үчүн” алтын медалы.
  • “Евромани” европалык журналы тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы “Эң мыкты банк” наамы. Банктын финансылык көрсөткүчтөрүнүн өсүүсү, кеңейтүү стратегиясын жана корпоративдик башкаруунун жогорку деңгээлин ийгиликтүү аткаруу бул 2007-жылы банктын башкы жетишкендиги болуп саналат.
  • Экономиканы өнүктүрүүдө кошкон зор салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө активдүү катышкандыгы жана 2008-жылда салык мыйзамын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин «Ак ниеттүү салык төлөөчү» сертификаты.
  • 2008-жылы SWIFT системасы боюнча документтерди сапаттуу аткаргандыгы үчүн Дойче Банктын «Deutsche Bank’s 2008 Straight-Through Processing (STP) Excellence Award» сертификаты. 2009-жылы республиканын банк системасын өнүктүрүүдөгү салымы үчүн банктын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
  • 2009-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн «БТА Банк» ЖАКтын филиалы «Жылдын мыкты инвестору» ардактуу наамы менен сыйланган.
  • 2009-жылы «БТА Банк» берилүүчү финансылык маалыматтын транспаренттүүлүгүндө, сапатында жана ишенимдүүлүгүндө пайда болгон кызматташуу үчүн Microfinance Information Exchange, Inc (MIX Market) сертификаты.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана «Шпаркассен-Финансгруппе» эл аралык кызматташтык боюнча сактык кассалар фондусунун («Sparkassen - Finanzgruppe») ГФР “Банктагы стратегиялык менеджмет” (2016) номинациясында “Банктар кубогунун” ээси.
  • Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунан “Мыкты банк - өнөктөш” номинациясында 1-орун. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн сапаттуу жана натыйжалуу тейлөөдө БТА Банк Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун макты банк-өнөктөшү (2016) деп табылды.
  • Мамлекеттик ипотекалык компаниядан “Мыкты банк” номинациясында 2-орун. Ошондой эле банктын бир катар кызматкерлери “Мыкты кредиттик адис” номинациясында жеңүүчүлөр (2016) деп табылды.