Visa Infinite банктык карты

БТА Банк тарабынан эмитеттелген Visa Infinite банктык төлөм карты – бул VISA Inc. эл аралык төлөм системасынын уникалдуу сервистердин топтомуна ээ болгон, эң абройлуу сыйлык карты. Бул карттын ээлери сервистин эксклюзивдик деңгээлине ээ болушат. Кардарлар Банк жана МПС VISA Infinite тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндө келтирилген маселелери боюнча кайсы маалда болбосун кайрыла алышат:

  • Visa Inc. төлөм системасынан күнү-түнү колдоо;
  • саякаттоодо жана сатып алууларды жүргүзгөн учурда камсыздандыруу программасы;
  • дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун медициналык жана юридикалык жардам;
  • сатуу/кызмат көрсөтүүлөр боюнча өнөктөш компаниялардан атайын сунуштар, жүздөгөн эксклюзивдүү дүкөндөрдөн жана клубдардан арзандатуулар;
  • Visa Infinite картынын ээсине жеке менеджерди сунуштоо.

«БТА Банк» ЖАКтын Visa Infinite картынын ээлери үчүн гана LoungeKey программасынын кызматтары автоматтык түрдө сервистер пакетине кошулган, бул дүйнөнүн аэропортторунун 850 дөн ашык VIP жана Бизнес - залдарына эшик ачкан артыкчылык программасы.

Бардык убаракерчиликтерди унутка калтырып, эч капарсыз саякаттаңыз. Visa Infinite картынын артыкчылыктары Сиздин жол жүрүүңүздүн бардык этабында Сиз жөнүндө кам көрүүгө кепилдик берет


Ошондой эле Visa Infinite картынын ээлери үчүн «БТА Банк» ЖАК төмөнкү артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт:

  • LoungeKey программасы боюнча дүйнөнүн аэропортторунун VIP жана Бизнес-залдарына акысыз кирүү;
  • VIP кабинетте тейленүү;
  • SWIFT системасы боюнча которууларга 50% арзандатуулар (тарифтерге ылайык минимум жана максиму – арзандатуусуз)
  • талап боюнча эсепкысап эсептерин акысыз ачуу жана жүргүзүү;
  • банктык эсептер боюнча маалымкаттарды акысыз сунуштоо;
  • сейфтик чакан уячаларды ижарага алууда 100% арзандатуу.

«БТА Банк» ЖАКтын VISA INFINITE карты менен кыялдарыңызды орундатыңыз!