«ИЛБИРС» электрондук капчыгы

ИЛБИРС – бул пайдалануучуга электрондук акчаны сактоого жана анын жардамы менен Интернет аркылуу нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген программа.

«ИЛБИРС» электрондук капчыгынын сайты: ilbirs.bta.kg

«ИЛБИРС» электрондук капчыгынын артыкчылыктары

  • Жөнөкөйлүк. Каттоо үчүн мобилдик байланыштын номерин гана киргизүү керек.
  • Жеткиликтүүлүк. Электрондук капчык Интернет болгон жерде жеткиликтүү.
  • Коопсуздук. Финансылык операциялардын толук купуялуулугу жана коопсуздугу. Бардык операцияларды кодду киргизүү менен тастыктоо керек, ал капчык ээсинин мобилдик телефонуна SMS-билдирүү менен келет.
  • Ылдамдык. Төлөмдөр жана которуулар заматта жүргүзүлөт.
  • Үнөмдүүлүк. Төлөмдөр жана которуулар акысыз жүзөгө ашырылат.

«ИЛБИРС» электрондук капчыгын» көчүрүп алуу

  1. "ИЛБИРС" электрондук капчыгын" көчүрүп алуу
  2. "Каттоо" баскычын басуу
  3. Уюлдук телефондун номерин жана электрондук почтаны  киргизип, "Капчык түзүү" баскычын басуу
  4. Купуя белгиси менен SMS-билдирүү алгандан кийин авторизациялап, жаңы купуя белги ойлоп чыгаруу керек.

"Илбирс" капчыгын Google Play'ден көчүрүп алуу "Илбирс" капчыгын App Store'дон көчүрүп алуу

«ИЛБИРС» электрондук капчыгын кантип толуктаса болот?

«ИЛБИРС» электрондук капчыгы аркылуу кандай кызматтарга акы төлөсө болот?

  • Уюлдук байланыш
  • Интернет жана IP-телефония
  • Коммуналдык төлөмдөр
  • Катталган байланыш
  • Коммерциялык ТВ
  • Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
  • Электрондук капчыктарды толуктоо
  • КР Өкмөтүнө караштуу МСКга жана КР Социалдык фондуна

«ИЛБИРС» электрондук капчык боюнча комиссиялар

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы Колдонуудагы тариф
1 Электрондук капчыкты чыгаруу жана туташтыруу үчүн комиссия 0%
2 Электрондук капчыкты тейлөө үчүн комиссия 0%
3 Банктын бөлүмчөлөрүнөн толуктоо үчүн комиссия 0%
4 «Quickpay» агентинин терминалдары аркылуу толуктоо үчүн комиссия 1000 сомго чейин — 5 сом
1001дөн 5000 сомго чейин — 10 сом
5001 сомдон жогору — 20 сом
5 «БТА Банк» ЖАКта ачылган эсептерге которуу үчүн комиссия 0%
6 Бир электрондук капчыктан башкасына тармак ичинде которуу үчүн комиссия 0%
7 «БТА Банк» ЖАКтын бөлүмчөлөрү аркылуу накталай түргө айландыруу үчүн комиссия 0,5% (min 5 сом)
8 Турак жай коммуналдык чарба, уюлдук байланыш, интернет провайдерлердин, электрондук капчыктардын кызматтарына акы төлөө 0 сом

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондорго чалыңыз:

+996 (312) 90 50 50
+996 (312) 90 54 63