"БТА Банк" ЖАК аманатчыга акча каражаттарынын КР мыйзамдарына ылайык кайтарылышына кепилдик берүүчү "депозиттерди (аманаттарды) коргоо" системасына кошулду.
Бул 2009-жылдын 12-августунан тарта Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” деген мыйзамы күчүнө киргенден баштап мүмкүн болгон.
Мыйзам актысы “БТА Банк” ЖАКтын аманатчыларына салынган каражаттардын кайтарымдуулугуна кепилдик берет. Мажбурлап жоюлганда же банкрот болгон учурда БТА Банк ар бир аманатчыга депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баарысы 200 миң сомдон көп эмес компенсация төлөп берет. Бул жеке адамдардын аманатка (депозитке) чет өлкө валютасында (АКШ доллары жана евро) жайгаштырылган акча каражаттары банкыбызда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык орду толтурулуп берүүгө тийиш.
“БТА Банк” ЖАК 2009-жылдын 12-августунда № 08/09 менен депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучулар реестрине киргизилген.
Банктын депозиттерди коргоо системасына катышуу жөнүндө күбөлүгү | |
---|---|
![]() |
|
![]() |
![]() |
Кеңири маалымат алуу үчүн, ошондой эле Кепилдик берүү эрежелеринин жана кепилдик берүү системасынын иштөө эрежелеринин көчүрмөлөрү менен таанышуу үчүн Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигине кайрылсаңыз болот.
720010, Бишкек шаары, Москва көч., 190.
Вебсайт: www.deposit.kg
Эл. почта: azdkr@mail.ru
Телефон: 456-456