Чектерди кеңейтүү мезгили келди – «Мир» карттары БТА Банктын түзүлүш тармактарында тейленүүдө!

Урматтуу достор!

«Мир» картын колдонуучулар үчүн бизден жагымдуу жаңылык!

БТА Банк россиялык «Мир» төлөм системасынын карттарын өз банкоматтарында, соода-тейлөө ишканаларында (СТИ) жана нак акча каражаттарын берүү пункттарында (НБП) тейлеп баштады. Мындан ары «Мир» картынын ээлери Россия мамлекетинин аймагындагыдай эле БТА Банктын түзүлүш тармактары аркылуу нак акча каражаттарын алып, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүргүзө алышат.

«ЭЛКАРТ» (Кыргызстан) жана «Мир» (Россия) эки улуттук төлөм системаларын интеграциялоо боюнча зор долбоордо биздин Банк тарабынан ишке ашыруулар ийгиликтүү жүргүзүлүп жатканына кубанычтабыз. БТА Банктын бардык перифериялык түзүлүштөрү «Мир» картын кабыл алууга даяр. Ал эми биздин меймандос өлкөбүздүн ар кайсы областтарына баруу жана саякаттоо эми ыңгайлуураак болуп калды.

«Мир» төлөм системасынын логотибин издеңиздер жана дүкөндөрдө, отелдерде, кафелерде жана ресторандарда, май куюучу бекеттерде, салондордо жана сервистик компанияларда «Мир» карты аркылуу төлөп, БТА Банктын банкоматтарынан нак акча каражаттарын алыңыздар.

СТИ, НБП жана банкоматтардын толук тизмеси менен бул жерден тааныша аласыз.