БТА Банктын жана Бакай Банктын кардарларынын ортосунда которуулар акысыз!

Урматтуу кардарлар!

Сиздерге белгилүү болгондой, “БТА Банк” ЖАК жана “Бакай Банк” ААК 2019-жылдын акырында бир ири банк болуп биригишмекчи. Бул өзгөрүүлөр жакшы гана натыйжаларды алып келери күтүлүүдө.

Банктардын биригүүсүнөн негигзги артыкчылыктарды биринчи кезекте кардарлар алышмакчы. Азыркы учурда Банктардын ар бири кардарлардын банктык сервистерди мурдагыдан ыңгайлуу пайдалануусуна мүмкүндүк берүүчү шарттарды жана тарифтерди түзүүгө умтулушууда.

БТА Банк Сиздерге жагымдуу жаңылык менен бөлүшмөкчү жана 2019-жылдын 1-августунан баштап БТА Банк менен Бакай Банктын кардарларынын ортосунда төмөнкү которуулар акысыз ишке ашырылып башталгандыгын билдирет:

  • Клирингдик которуулар (“БТА Интернет-Банкинг” кызмат көрсөтүүсү аркылуу которууларды кошо алганда) – акысыз;
  • ГРОССтук которуулар которуулар (“БТА Интернет-Банкинг” кызмат көрсөтүүсү аркылуу которууларды кошо алганда) – акысыз;
  • . SWIFT эл аралык которуулар (“БТА Интернет-Банкинг” кызмат көрсөтүүсү аркылуу которууларды кошо алганда) – акысыз.

Биз мындан ары дагы кардарларыбызга сапаттуу жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн бардык аракеттерибизди жумшай тургандыгыбызды белгилей кетмекчибиз.

Ийгиликке бирге!

Байланыш-борбору: +996 (312) 90-50-50.