Акция уланууда! БТА Банк Револьвердик кредиттик карт боюнча пайыздык ченди төмөндөттү!

Урматту биздин Банктын эмгек акы долбоорунун катышуучусу болуп саналган кардарлар!
БТА Банк карттагы кредиттин пайыздык ченин жылдык 25 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча акциясын узартты.

Револьвердик карт менен сиздерге керек болгон сатып алуулар үчүн эмгек акыны же пенсияны күтүү же жаныңызда зарыл болгон акча жок болуп калгандыгынан сатып алууну кийинкиге калтыруу зарылдыгы болбойт.

Револьвердик карт менен сиздер эмгек акыны же пенсияны күтпөстөн, зарыл болгон нерсенизди сатып алсаңыз же керектөөчү суммадагы акчаны алсаңыз болот.

Револьвердик карт – бул жаңырып туруучу 5 эмгек акысына чейинки өлчөмдөгү кредиттик тилкеси бар БТА Банктын эмгек акы долбооруна катышкан жеке адамдар үчүн кредиттик карты. Бул карт эмгек акыдан көз карандысыз болууга жана өзүңүзгө ыңгайлуу учурда сатып алууларды жүргүзүүгө, ошондой эле каалаган убакытта акча каражаттарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Револьвердик кредиттик карттын артыкчылыктары:

  • 30 күндүк мөөнөткө чейин пайызсыз кредиттик картты алуу мүмкүндүгүн берет. Жеңилдетилген мөөнөт ичиндеги чен 0% түзөт;
  • Бекитилген жылдык 20% чен менен, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын суммасынан 5% өлчөмдөгү Cashback алууга мүмкүндүк берет;
  • Сунушталган лимиттин чегинде кандай болбосун суммаларды пайдалануу мүмкүндүгүн берет;
  • Негизги сумманын бөлүгүн жабууда, пайдаланууга жеткиликтүү болгон лимит кайра толуп турат. Мунун өзү Сиз кредиттин кандайдыр бир суммасын жапкан болсоңуз, ошончо сумма кайра пайдаланууга мүмкүн болуп калат дегенди билдирет;
  • Пайыздык чен кредиттин лимитинин пайдаланылган бөлүгүнө гана кошуп эсептелет;
  • Кредиттик карт 36 айга жана АКЫСЫЗ берилет;
  • Картаны жол-жоболоштуруу үчүн, паспорт гана керек;
  • ЭЛКАРТ/ VISA карталарында ачылат;
  • СМС-билдирүү акысыз сунушталат.

Кошумча документтерди чогултпастан, төмөн пайыздык чен менен жана ыңгайлуу шарттарда Револьвердик кредиттик картаны алууга шашылыңыз. Кийинкиге калтырбай, эңсеген буюмуңузду сатып алууга, саякатка барууга, билим алууга, ойдогудай салтанатты өткөрүүгө жана үйүңүздө оңдоо иштерин жүргүзүүгө тез жана оңой болгон мезгил келди!

Акциянын мөөнөтү 2019-жылдын 31-октябрына гана чейин.

Байланыш-борбору: +996 (312) 90 50 50.