«Ислам Финансылык Боробору» филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

БТА Банк Бишкек шаарында «Ислам Финансылык Борбору» филиалын ачкандыгы тууралуу кубануу менен билдиребиз. Ислам принциптери боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча филиалдын ачылышы биз эле эмес, өлкөбүздүн эли көптөн бери күтүп жаткан жагымдуу окуя болуп саналат.

Каржылоонун ислам принциптери боюнча иш алып барган финансылык борбордун ачылышы – бул биздин өлкөбүздүн банктык секторундагы өтө маанилүү кадам.

«Ислам Финансылык Борбору» филиалынын ачылышына «БТА Банк» ЖАКтын Шариат кеңешинин мүчөлөрү: мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов, «Религия, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык талдоо борборунун директору Кадыр Маликов, Кыргызстандын Ислам университетинин проректору Марс Ибраев жана Банктын жетекчилиги катышышты.

Ислам Финансылык Борборунда Шариаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин алууга болот.

Каржылоонун төмөнкүдөй бир нече түрүн сунуштайбыз:

  • «Керектөөчүлүк максаттарга мурабаха»,
  • «Мурабаха-универсал»,
  • «Мурабаха-автокаржылоо»,
  • «Мурабаха-ипотека».

Ошондой эле Ислам Финансылык Борбору кардарларга өз каражаттарын «Вади’a йад даман» сактык эсептерине салуу мүмкүндүгүн, ошондой эле Кард Хасан талап эсебин ачуу мүмкүндүгүн сунуштайт.

Ислам каржылоосунун артыкчылыктары жана принциптери:

  • Сүткөрлук ишмердикке жана коом үчүн зыяндуу ишмердикке (кумар оюндары, алкоголдук, тамеки жана наркотикалык продукцияларды өндүрүү/жайылдуу) тыюу салынган;
  • Финансылык борбор кардарга керектүү товарды сатып алып, анын өздүк наркын жана борбордун кошмо баасын ачык көрсөтүү менен товарды бөлүп төлөө аркылуу сатат.
  • Пайдаларды жана чыгашаларды адилеттүү бөлүштүрүү. Кардар акча каражаттарын Ислам Финансылык Борборунун инвестициялык эсебине салган учурда, ал автоматтык түрдө финансылык борбордун өнөктөшү болуп калат жана ай сайын финансылык борбордун ишмердигинен түшкөн пайдадан үлүш алып турат;
  • Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр диний ишенимдеринен көз карандысыз түрдө бардык жарандар үчүн жеткиликтүү.

«БТА Банк» ЖАК жана «Бакай Банк» ААК бир коммерциялык банкка биригип жатышканыдгын жана жакында Кыргызстандын рыногунда ири ата мекендик банк пайда болору күтүлүп жаткандыгын дагы бир жолу эскертип кетмекчибиз. Кырыгзстандын бардык аймактарында сактык кассалардын жана филиалдардын саны, анын ичинде ислам принциптери боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу бөлүмдөрдүн саны көбөймөкчү.

Биздин мурдакы жана жаңы кардарларыбызды, өнөктөштөрүбүздү Бишкек ш., Логвиненко көч 37 дареги боюнча жайгашкан «Ислам Финансылык Борбору» филиалыбыздан шариаттын принциптерине негизделген банкык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга чакырабыз

Филиал штаттык режимде иш алып барат жана өзүнүн биринчи кардарларын тейлеп баштады.

Биз ар бир кардар жана өнөктөш менен кызматташууга ар дайым кубанычтабыз!

Байланыш борбору: +996 (312) 90-50-50

«Ислам Финансылык Борбору» филиалынын тел. +996 (312) 90-13-53