«Ак илбирсти сактайлы 2019» эл аралык жүгүрүү

Урматтуу достор,

 

Кечээ күнү, 2019-жылдын 15-сентябрында биздин баш калаабызда өтө маанилүү иш-чара: «Ак илбирсти сактайлы 2019» аталышындагы эл аралык жарыш болуп өттү. Бул марафондук жарыш кайрымдуулук иш болуп саналат. Старттык төгүмдөрдөн түшкөн акча каражаттардын жарымыс Ак илбирсти жана анын экосистемаларын (GSLEP) сактоо боюнча глобалдык программаны колдоого багытталат. Жарыштын башкы өнөктөшү болуп «Бакай Банк» ЖАК чыкты. Биз бул көтөрүлгөн демилгени кубануу менен колдодук. «БТА Банк» ЖАКтын жана «Бакай Банк» ЖАКтын кызматкерлери биргеликте ушул марафондук жарышка катышышты. Катышуучулар бир нече аралыктарды чуркап өтүштү: 1 км, 5 км, 14 км жана 21 км.

 

Ушул марафондун максималдуу аралыгын - 21 км. чуркап өткөн БТА Банктын Башкармасынын Төрагасы Аалы Уманкулов өз сөзүндө: «Бүгүн ак илбирсти коргоону колдоого алышып, БТА Банктын 20дан ашуун кызматкерлери жарышка катышышты. Бул жагымдуу иш-чара шаарыбыз үчүн чыныгы майрам болду, биз анын бир бөлүгү болгонубузга абдан кубанычтабыз. Бакай Банк өзүбүз жашаган өлкөбүзгө камкор мамиле жасоо менен ушул марафондун башкы өнөктөшү катары чыкты» - деди жана азыркы маалда Бакай Банк менен БТА Банктын биригүү процесси жүрүп жаткандыгын белгиледи.

 

Өлкөбүздүн жаратылыш байлыктарын сактоо жана кыргызстандыктардын спорттук маанайын көтөрүү – биздин милдетибиз. Урматтуу жарандар, биздин өлкөбүздүн жарык келечеги үчүн жана жаратылышты сактоо максатында ушул өңдүү иш-чараларга активдүү катышып, сергек жашоого үндөөгө өз салымыңыздарды кошуп, биздин балдарыбызга жана кийинки муунга жакшы үлгү көрсөтүүгө аракет кылууңуздарга чакырабыз.