Биз таза Кыргызстан үчүн!

Өткөн ишембиде республиканын бардык аймактары боюнча «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү-2019» аталышындагы жылына өтүп туруучу эко-акцияны колдоо максатында ишембилик болуп өттү. БТА Банктын жана Бакай Банктын кызматкерлери ушул акцияны колдошуп ага активдүү катышышты. Алар Бишкектин түштүк магистраль тарабындагы аймакты тазалашты. Натыйжада 200 каптан ашык таштанды чогултушту. Ошондой эле аймактык бөлүмдөрдө дагы ишембилик өткөрүлдү.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү (World Clean Up Day) — бул 2008-жылы Эстонияда жаралган демилге. Мындай акциялар жылдан жылга начарлап бара жаткан дүйнө экологиясына көңүл бурууга түрткү берет. Биз четте калбастан, өлкөбүздүн жаратылышынын сакталышына өзүбүздүн салымыбызды коштук. Мындан ары да шаарды таза кармаганга биз болгон аракетттерди жасайбыз! Урматтуу шаардын тургундары жана коноктору таштандыны туш келди жерге ыргытпай, атайын бул үчүн жасалган контейнерлерге жана урналарга таштап, жерибизди таза кармоого баарыңыздарды чакырабыз.

Ошондой эле, ушул масштабдуу акциянын уюштуруучуларына жана ага катышкан биздин кызматкерлерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз.