Мегаком жана БТА Банктын кобрендингдик картын ишке киргизебиз!

Урматтуу мекендештер!

Мегаком жана БТА Банктын кобрендингдик карты ишке кирери жөнүндө билдиребиз!

Кобрендингдик карт деген эмне?

Кобрендингдик карт – ЭЛКАРТ төлөм карты болуп саналат, анын жардамы менен сиздер MegaPay электрондук капчыгынан өз акча каражаттарыңызды нак акчага айландыра аласыздар.

Картты MegaPay аркылуу онлайн-билдирме толтуруу менен тариздесе болот *.

Колдонуучунун онлайн-билдирмеси жактырылган учурда кобрендингдик картты «БТА Банк» ЖАКтын кайсы болбосун кеңсесинен алса болот.

Карт акча каражаттарын нак акчага оңой айландырууга жана ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын ыңгайлуу шарттарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Кобрендингдик карттын ыңгайлуулугунунун 5 себеби:

• MegaPay аркылуу онлайн-билдирме,

• ЭЛКАРТ картын акысыз чыгаруу,

• Алгачкы 1 жыл акысыз тейлөө,

• БТА Банктын жана Достук тармактын банкоматтарында нак акчага акысыз айландыруу,

• «БТА Банк» ЖАКтын терминалдарында жана бөлүмдөрүндө ЭЛКАРТ картын акысыз толуктоо.

Кобрендингдик карттар «Альфа Телеком» ЖАК жана «БТА Банк» ЖАК тарабынан биргелешип чыгарылат.

 

* Кобрендингдик карттарга MegaPay электрондук капчыгынын идентификациядан өткөн пайдалануучулары гана тапшырык жасай алышат. Идентификациядан Мегаком тейлөө жана сатуу борборлорунан өтсө болот.

 

Бул жерде Мегаком тейлөө борборлорунун Бишкек шаары боюнча даректери көрсөтүлгөн.

 

Кененирээк маалыматты биздин Банктын Байланыш-борборуна чалып билсеңиздер болот. Тел: +996 (312) 90-50-50.