Келе жаткан майрам жана дем алуу күндөрүндөгү иштөө режими жөнүндө билдирүү

Урматтуу мекендештер!

 

Сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктайбыз.

 

Ушул майрам күндөрү жакындарыңыздар менен жакшы маанайда жолугушууну ар-бириңиздерге насип этсин. Ушул күндөр жакын адамдарыңыз менен баарлашууга, бири-бириңиздерге арналган жакшы сезимдерге жана кам көрүүлөргө толсун.

 

Алдыда келе жаткан майрам жана дем алуу күндөрүнө байланыштуу “БТА Банк” ЖАК төмөнкү режимде иш алып бармакчы:

 

  • 2019-жылдын 7-8-ноябрь күндөрү Банктын бардык бөлүмдөрү үчүн расмий иш эмес күндөр болуп саналат;
  • 2019-жылдын 9-10-ноябрь күндөрү “БТА Банк” ЖАКтын бөлүмдөрү адаттагы иштөө графигине ылайык иштешет.

 

Байланыш-борбору: +996 (312) 90-50-50.