«БТА Банк» - «RIA» эл аралык акча которуу системасынын версиясы боюнча Кыргызстандагы жылдын Банкы деп таанылды

Урматтуу мекендештер!

Октябрь айында Украина мамлекетинин борборунда коммерциялык банктар үчүн ар жылы өтүп туруучу «Ria Connects Beyond Borders» (Ria чек араларга карабастан бириктирет) бизнес-саммити болуп өттү. Иш-чарага «Ria» системасын колдонуучу өлкөлөрдүн - Украинанын, Грузиянын, Молованын, Армениянын, Беларусиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Израилдин банктарынын топ-менеджерлери жана өнөктөштөрү катышышты.

«Ria» эл аралык акча которуу системасы «БТА Банкты» «Кыргызстандагы 2019-жылдын мыкты банкы» грамотасы менен сыйлады.

«Ria» эл аралык акча которуу системасы АКШда жана дүйнө жүзү боюнча электрондук төлөм кызматтарын көрсөтүүчү EuronetWorldwide компаниясына таандык. «БТА Банк» ЖАК «Ria» эл аралык акча которуу системасын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизген биринчи банк болчу.

Ишибизге жогоруу баа бергендиги жана жемиштүү кызматташкандыгы үчүн «Ria» эл аралык акча которуу системасына ыраазычылык билдиребиз жана бул сыйлык мене сыймыктанабыз.