Rеректөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартиби

Урматтуу Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү!

Бизге ишеним көрсөтүп, бизди тандагандыңыздар үчүн Сиздерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Өз ара түшүнүшүү – бул ишкердик кызматташтык үчүн жакшы жагдай болуп саналат.

“БТА Банк” ЖАК түзүлгөн убакыттан баштап кардарлар менен ак ниеттүү, чынчыл мамилелерди курууну жана тейлөө кызматтарынын сапатын ар дайым жакшыртып турууну башкы максаты катары эсептейт. Бардык категориядагы кардарларга максималдуу жеткиликтүүлүктү түзүүгө жана ар бир кардардын муктаждыктарын канааттандырууга умтулуу менен биз кардарларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө ар дайым даярбыз.

Кардардын кайрылуусу көңүл буруусуз калбайт жана КРУБ тарабынан реламенттелген мөөнөттөрдүн ичинде каралат.

Суроолор жаралса, Сиз төмөнкү төмөнкү телефондор боюнча жана электрондук даректер аркылуу кайрылсаңыз болот.

БТА Банктын Байланыш-борборуна (күнү-түнү /24/7) +996 (312) 90-50-50 номери аркылуу:

  • Факс аркылуу жазүү түрүндө +996 (312) 30-06-94 номери аркылуу кайрылуу/сунуш жиберсеңиз болот;
  • Кайрылуунун/сунуштаманын электрондук формасын толтурсаңыз болот: «Жеке адам үчүн онлайн-арыз» / «Корпоративдик кардарлар үчүн онлайн-арыз»;
  • Банктын бардык бөлүмдөрүндө “Даттануулар жана сунуштамалар китепчесинде” жазууларды калтырсаңыз болот.
  • Башкы кеңсенин бөлүмчөсүнүн /Банктын филиалынын жетекчиси менен жеке жолугушууда өзүңүздүн каалооңузду/сунушуңузду билдирсеңиз болот.

“БТА Банк” ЖАКта керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу процесси жана тартиби:

Кардардын кайрылуусу конкреттүү окуя боюнча түшүндүрмө алуу үчүн даттануулар келип түшүүчү расмий каналдар аркылуу Банкка даректелиши/жөнөтүлүшү керек. Социалдык тармактардагы талкуулар, ой пикирлер даттануу/кайрылуу катары эсептелбейт жана алар катталбайт.

Кайрылуулар Кардарлар тарабынан мамалкеттик жана расмий тилде берилиши мүмкүн.

Кардар оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылуудан тышкары, алдын ала кабыл алууга катталып жана кайрылуу маселесин көрсөтүү менен тиешелүү бөлүмчөнүн жетекчисине жолуга алат.

Кайрылуунун кандай формасы болбосун Сиз төмөнкүлөрдү көрсөтүшүнүз керек экендигин эсиңизге салабыз:

Жеке байланыш маалыматтары:

  • Юридикалык адамдын аты-жөнү же аталышы
  • Жашаган дареги, байланыш маалыматтары ( телефон номер, электрондук почта, почта дареги);
  • Кайрылуунун кенен баяндалган мазмуну эгерде бар болсо, тастыктоочу документтери менен (мисалы, арыздын датасы, эсептин/карточканын номери ж.б.);
  • Жазуу түрүндө кайрылсаңыз датасын жазып, кол тамга коюлушу керек.
  • Арыз ээсинин байланыш маалыматтары жок учурда Банк мындай кайрылууларга жооп кайтарбоо укугун өзүндө калтырат.

Банктын кызматкеринин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолугуна, жашоосуна жана мүлкүнө коркунуч туудурган, басмырлаган жана уят сөздөрдү камтыган кайрылуулар каралбайт.

Кайрылуулардын карап чыгуу мөөнөтү кайрылуу келип түшкөн убакыттан тартып отуз жумуш күндү түзөт.

Кардарларга ыңгайлуу болуш үчүн түшүндүрмөлөр/кеңеш берүүлөр төмөнкү байланыш каналдары: E-mail, телефон номери, жеке байланыштар аркылуу көрсөтүлөт.

Кайрылуунун жыйынтыктары боюнча Банктын жообу кайрылуу кайсы тилде жазылган болсо, ошол тилде берилет жана кайрылуудагы көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт (эгерде кайрылууда андан башкасы көрсөтүлбөгөн болсо).

Кызматташууңуздар үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз.